"Жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү". Садыр Жапаров туристтерге жакшы мамиле кылууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылып, өлкөгө келген туристтерге жакшы мамиле кылууга чакырды.
"Туристтик сезон башталды. Күн өткөн сайын өлкөбүзгө, Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаабызгабы же башка аймагыбызгабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Ар кыл божомолдор боюнча да быйыл туристтердин агымы өзгөчө жогору болору күтүлүүдө. Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат.
Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү.
Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы же жокпу сиздердин аларга карата мамилеңиздерден көз каранды. Жакшы таасир алып кетишсе кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет", - деп жазган өлкө башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан