"Ала-Тоо" аквапаркында окуучу сууга чөгүп каза болгон окуя: Мектептин директору иштен алынат

"Ала-Тоо" аквапаркында болгон каргашалуу окуядан кийин мектептин директору иштен алынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азыркы учурда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн комиссия мектеп директорун иштен алуу тууралуу чечим чыгарышты. Бул чечимге дүйшөмбү күнү кол коюлары күтүлүүдө. Кол коюлган соң директор иштен алынат.

Аквапарктын администрациясын жоопкерчиликке тартуу боюнча азыркы учурда ИИМ тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Мыйзам чегинде чара көрүлөт", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан