Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын бириккен королдугунун премьер-министри Борис Жонсон президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
"Акыркы 30 жылдын ичинде Улуу Британия менен Кыргыз Республикасы достукка жана түшүнүүгө негизделген маанилүү өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн бирге иштешти.
Бүгүнкү күндө бул кызматташтык коопсуздук жана коргонуу, экономикалык жана адамдык өнүгүү, соода жана маданият тармактарын камтыганына абдан кубанычтамын", - деп жазылган куттуктоодо.