Саясий серепчи Марат Казакпаев акыркы сапарга узатылды

Саясий серепчи Марат Казакпаев бүгүн, 12-июнь күнү акыркы сапарга узатылды.

Саясат таануучу менен коштошууга саясатчылар, активисттер жана башка саясат таануу жаатындагы эксперттер, жалпысынан 100дөй адам келишти.

Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.

Маалымат үчүн: 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан