Казакстандын Нур-Султан шаарында эгиздер парады өттү. Төртүнчү ирет уюштурулган иш-чарага Казакстандын бардык аймактарынан жалпы 150 үй-бүлө катышты деп жазышат коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары.
Эгиздер парады мындан беш жыл мурда чакан жүрүш менен башталган. Пандемия учурунда жүрүш өткөрүлбөй быйыл эгиздер кайрадан Триатлон паркына чогулганы жазылат маалыматта.
"Параддын максаты - эгиздерибиздин ынтымагы, достугу жана өздөрүнө окшогон балдардын бар экенин билүүсү. Парадга биринчи жылы 10 эне, 20 бала катышса, бул ирет 145 эне жана 320га жакын бала катышты. Анын ичинен 10 жуп үч эм жана төрт эм", - деген иш-чаранын уюштуруучулары.