Биз социалдык тармакта

Чүйдө 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Чүйдүн Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Бул туурасында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришет.
Маалым болгондой, 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болду деген маалымат түшкөн.
Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү унаасы кармалган. Аталган унаанын ичинде 20 жаштагы А. кызы З. болгон.
Кыз ала качууга шектүүлөр 28 жаштагы К.М.Б. жана Д.А.К. кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан