Чүйдүн Беловодское айылында аскердик бөлүктө сабалган Бекзат Эсенбековдун окуясынан кийин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бообек Ажикеев өздүк курам менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө мөөнөттүк аскер кызматын өтөп жаткан катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалганы боюнча аскер бөлүктүн мөөнөттөгү аскер кызматкерлери, контракт кызматындагы сержант, прапорщик аскер кызматкерлери, аскер кызматындагы аялдар, ошондой эле офицердик курам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары мындай иштерди болтурбоону алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин тапшырды.
Андан сырткары анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин жатаканасы, жоокерлер ашканасы, жоокерлер мончосу, азык-түлүк кампасы жана анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин тамактануусун жеке өзү текшерип чыкты.
Эске салсак, Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып
чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү
тараткан. Учурда жоокер ооруканада.