Кытайдын тургуну жыйырма сантиметр кирпик өстүрүп, өзү мурда койгон дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу "Гиннесстин рекорддор китебинин" сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-майында "Гиннесстин рекорддор китебинин" эксперттери Ю Цзяньсяндын кирпиктерин өлчөп, жаңы дүйнөлүк рекорд койгон. Анын кирпиктеринин орточо узундугу 20 сантиметр болсо, сол көзүнүн үстүнкү сурмасында эң узун кирпик 20,5 сантиметрди түзгөн.
2016-жылы кытайлык аял дүйнөдөгү эң узун кирпиктердин ээси катары биринчи жолу "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ошондо алардын узундугу 12 сантиметрден ашкан.
"Менин кирпиктерим тынымсыз өсүп жатканын 2015-жылы түшүндүм. Алар бара-бара узарып жатты. Эмне үчүн менин кирпигим башкалардыкына караганда узун экенин билүү үчүн дарыгерлерге кайрылдым. Алар муну түшүндүрө албай, таң калышты", - деди Цзянься.
Ал кошумчалагандай, эч качан тушь же боёчу каражаттарды колдонбойт. Узун кирпиктердин аркасында анын көздөрү макияжсыз деле укмуштай көрүнөт.
Ю болуп жаткан окуяларга илимий түшүндүрмө табууга аракет кылып, генетикадан себептерди издеген. Бирок анын жакындарынын эч биринде мынчалык узун кирпиктер болгон эмес.