Майлуу-Суу шаарында 1953-жылы курулган шаардык стадионду капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо боюнча алдын ала долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Долбоорго ылайык, футбол аянтчасынын үстүңкү катмарын жаңыртуу, дренаж системасын орнотуу, чуркоо жолун оңдоо, баскетбол жана волейбол аянтчаларын куруу каралган.
Ошондой эле батыш жана чыгыш трибуналарын, спорттук залдарды, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана душтарды жаңыртуу, футбол аянтчасына жарыктандыруу системасын орнотуу жана унаа токтотуучу жай куруу пландалууда.
Долбоор ишке ашса, стадион шаар тургундары үчүн спорттук иш-чараларды жана футбол, волейбол, баскетбол боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган заманбап спорттук жайга айланат.