Учурда бүтүрүүчүлөр кесип тандоо алдында турган чагы. Кай бири илимдин артынан сая түшүп, билим кенин казууну жактырса, кээ бирлери бат өздөштүрүлгөн кесиптерди окуп, иш дүйнөсүнө эрте аралашууну көксөйт эмеспи. Бул ирет Абитуриентке ЭКИ сөз рубрикасында сулуулук тармагы, атап айтканда тырмак жасоо чеберчилиги жөнүндө сөз кылабыз.
Бегимай Орозбаева Кыргыз улуттук университетинин психилог-педагог адистигин аяктаган. Учурда сулуулук тармагында, тагыраагы тырмак жасоо жаатында ишкерлик жүргүзүп келет.
Окууну бүткөндөн кийин кесибим боюнча иштеген жокмун. Анткени ал учурда өзүмдүн жан дүйнөм кыйналып турган эле. Мындан улам башкаларга кеп-кеңеш айтып отурууну туура көрбөдүм. Эки жылдай дүкөндө иштеп жүрдүм. Жумуш жеңил эле болчу. Бирок мен өзүм сүйгөн нерсе менен алектенсем деп кыялданчумун.
Тырмак жасоо боюнча курсту окуп, башка мекендештердей эле Москва шаарына бардым. Ал жакта 7 ай иштеп, окуп дагы келдим.
- Кесибиңиздин күнгөй-тескей жактары...
- Таза, жылуу, жумшак салондо иштейсиң. Айлыгы жакшы, жөндөмүң болсо бат эле өздөштүрүп алсаң болот. Терс жактары дайыма отуруп алып иштейсиң. Жакшы кардарлары көп салонду таабуу кыйын.
- Жеке ишкерликти эмнеден улам баштап калдыңыз?
- Мага эркин график жагат. Ошол үчүн жеке ишкерликти баштадым. Ишкер болгондо жоопкерчилик дагы көбөйөт экен. Бирок мага абдан жакты. Жумуш менен жеке жашоону ыңгайлаштырып алганды үйрөндүм.
- Сиздин тандаган кесип менен канча өлчөмдө каражат тапса болот?
- Азыркы учурда так айта албайм . Болжолдуу 15 миңден 45 миң сомго чейин каражат тапса болот.
- Кесибиңиз учурдун талабына жооп береби?
- Азыркы кесибим учурдун талабына толук кандуу жооп берет. Анткени айымдар ар ай сайын өзүнө кам көргөндү жакшы көрөт эмеспизби. Ошондуктан жумуш ар дайым жүрүп турат.
- Хоббилериңиз тууралуу айтып өтсөңүз.
- Сүрөт тартканды жакшы көрөм. Кичинекей кезимден бери сүрөт тартуу менен алектенем. Хобби катары. Анан акыркы учурда дайыма отуруп иштегенге байланыштуу таза абада басканды хобби кылып алдым.
- Абитуриенттер кайсы кесипти тандасам деп турган чагы. Аларга кеңештериңиз.
- Абитуриенттерге кеңешим жөндөмдөрүнө, кызыгууларына карап кесип тандаса. Анткени мага азыркы кесибим абдан жакканы үчүн мен өзүмдү кыйналып иштегендей болбойм. Жумушка жакшы маанай менен келип, сонун тырмактарды жасап, акча таап кетем.
SUPER.KG порталы Абитуриентке ЭКИ сөз рубрикасында түрдүү кесиптер тууралуу сөз кылып, адистик тандоо алдында турган бүтүрүүчүлөргө жол көрсөтүү максатын көздөйт.