Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ АКШны Тайвандагы кризиске кийлигишпөөгө чакырды жана эгер арал көз карандысыздыгын жарыяласа, Пекин согуш жарыялайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул эскертүү Кытай генералы менен Пентагондун башчысы Ллойд Остиндин Сингапурдагы жолугушуусунда көшөгө артындагы сүйлөшүүсүндө айтылган. Вэй Фэнхэ Пекин Тайванды бөлүп-жаруу боюнча кандайдыр бир планды жок кыларын баса белгилеп, Пекин бул позицияда катуу экендигин айткан.
Өз кезегинде Остин аймакта тынчтыкты сактоо маанилүү экенин айткан.
Тайвандын Тышкы иштер министрлиги Кытайды бул үчүн сынга алып, Вашингтонго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Эске салсак, жакында эле Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ Тайванды Кытайды манипуляциялоо үчүн пайдаланып жатканын айтып, Вашингтондун мындай аракеттери олуттуу кесепеттерге алып келерин айткан. Өз кезегинде АКШнын президенти Жо Байден АКШ Кытайдын агрессиясы болгон учурда Тайванды коргой тургандыгын билдирген.