Ошто жыл башынан бери миңден ашуун жумушсуз жаран ишке орношту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, министр Кудайберген Базарбаев Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
"Жолугушууда шаардык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 5 айында 251 жумушсуз жаран кийим тигүү, кондитердик цехтер, коммуналдык кызматтар жана башка ишканаларга ишке орношкону айтылды.
Дагы 112 адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутууга багытталган. 830 жумушсуз жаран акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылганы тууралуу маалымат берилди", - деп жазылат маалыматта.