Бишкекте соодагерлер ККМ аппаратына каршы кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүнүн алдында соодагерлер митингге чыгышты. Алар ККМ аппараттарын, электрондук эсеп-фактурасын колдонууну жоюп, патентке өткөрүп берүү талабын айтышууда.

"Базарда 31 жылдан бери иштеп жатып оорунун баарын таптык. Отурган жерибиз контейнер. Тапкан кирешебизди ККМга төлөйбүзбү же балдарыбызды багабызбы?" - дейт митингге чыккандардын бири.

Ошондой эле митингге чыккандар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун эл алдына чыгышын талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан