Акылбек Жапаров ККМ аппаратын коюу убактылуу токтотулганын айтты

Ири дүкөндөр ККМ аппараты менен иштей берет. Ал эми кичи дүкөндөрдүн патент менен иштөөсү каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров нааразычылык акциясына чыккандардын алдында сүйлөп жатып билдирди.

"10 күн ичинде патент боюнча маселени карайбыз. Ошондо карап көрүп чечим кабыл алабыз.

Эсеп-фактураны завод жазып берет. Ал уурдалган товар эмес. Чек арадан киргенде салыгы төлөнгөн. Таза, сата бергиле деген маалыматкат болот. Ал кичи дүкөндөргө тиешеси жок.

Сиздердин алдыңыздарда туруп бардык салык мыйзамын өзгөртө албайм.

Айып пулдарды токтото турабыз. ККМди токтоттук. 10 күн ичинде ар бир дүкөнгө өзүм кирип, баарын көрүп, тийиштүү чечимди кабыл алалы.

Араңыздардан 10 киши келгиле. Сиздер менен сүйлөшүп, 10 күн ичинде жообун айтабыз", - деди Жапаров.

Нааразычылык акциясына чыккандар ККМ аппараттарын, электрондук эсеп-фактурасын колдонууну жоюп, патентке өткөрүп берүү талабын айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан