Бул убакытка чейин соодагерлер ККМ аппаратын коюуга каршы митингдерге чыгып келишкен. Алар ККМ аппаратын коюудан баш тартып, патент менен иштей берүүнү суранышкан. 2021-жылдын декабрь айында Жаңы салык кодекси боюнча маалымат жыйында ККМди колдонбогон ишкерлерге айып пул салынары дагы айтылган. Анда ишкерлер ККМди колдонбой койгон учурда аларга 3 миң сомдун тегерегинде айып пул салынары эскертилген.
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаадагы "Дордой Фуд" азык-түлүк базарындагы ишкерлер менен жолугушуп, ишкерлерге көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү зарылдыгы боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүп берген.
Бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүнүн алдында Чүй облусунун аймагындагы соодагерлер кайрадан митингге чыгышты. Алар ККМ аппаратын, эсеп-фактурасын жоюп, патент менен иштей берүү талабын айтышты. Атүгүл, ишкерлер "тапкан кирешебизди ККМ аппаратына беребизби же балдарды багууга сарптайбызбы" деп суроо салышты. Мындан тышкары алар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду эл алдына чыгышын талап кылышты.
Эл алдына чыккан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМ аппаратына убактылуу мароторий киргизилгенин айтты.
"Айып пулдарды токтото турабыз. ККМди токтоттук. 10 күн ичинде ар бир дүкөнгө өзүм кирип, баарын көрүп, тийиштүү чечимди кабыл алалы.
Араңыздардан 10 киши келгиле. Сиздер менен сүйлөшүп, 10 күндүн ичинде жообун айтабыз", - деди Жапаров.
Ошону менен катар ал эсеп-фактурасы боюнча түшүндүрмө берип, ал ири бизнес өкүлдөрүнө тиешелүү экендигин кошумчалады.
"Эсеп-фактураны завод жазып берет. Ал уурдалган товар эмес. Чек арадан киргенде салыгы төлөнгөн. Таза, сата бергиле деген маалыматкат болот. Ал кичи дүкөндөргө тиешеси жок", - деп кошумчалады Жапаров.
ККМ эмне үчүн керек?
Виртуалдуу контролдук-кассалык машиналарды киргизүү салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана “Санарип Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун компоненттеринин бири болуп саналат.
Мамлекеттик салык кызматы ККМ тууралуу төмөнкүлөрдү түшүндүргөн.
Бул долбоордун башкы максаты – ак ниет бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын бакубат турмушун жогорулатуу жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоо болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.
ККМ кайсы жерлерде колдонулушу керек?
Учурда ККМдин эки түрү: