Зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум 21-июнда болот

Зордуктоого шектелип СИЗО-1ге камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум 21-июнда болот. Бул туурасында Свердлов райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, актёр 30-августка чейин камакка алынган.

"Бүгүн, 13-июнда алдын ала угуу болду. Ал эми соттук отурум 21-июнда болот", - дешет маалымат кызматынан.

Эскерте кетсек, буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

SUPER.KG порталы актёрдун бир тууганынын, кошуналарынын пикирин угуп, чагылдырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан