Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Салиева дүйнө салды

Узакка созулган оорудан улам Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Салиева дүйнө салды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, ал 11-июнда көз жумду.
Динара Салиева 1948-жылы 19-ноябрда Фрунзеде туулган. Ал Москва консерваториясынын профессор-пианист Генриетта Мирвистин жана профессор Леонид Ройзмандын орган классын бүтүргөн.
Динара Салиева Кыргызстандагы биринчи органист жана ошол кездеги Борбордук Азиядагы жалгыз аял органист. Кыргыз филармониясынын жана "Союзконцерттин" солисти катары 2,5 миңден ашык жеке концертин берген.
Ал дүйнөдөгү эң мыкты органисттер кире алган Рига Купол соборунда чыгармаларды аткарган.
Ал легендарлуу Бах соборунда - Санкт-Михаэлискирхеде Кирхенмюзик курсун бүтүргөн, ал жерде улуу Иоганн Себастьян Бах хордо ырдап, концерт берген.
Динара Салиева философ-педагог, жазуучу, публицист, искусство таануучу жана коомдук ишмер, академик Азиз Салиевдин үй-бүлөсүндө туулган.
Динара Салиева 2015-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хору менен бирдикте Калый Молдобасановдун "Эне талаасы" ораториясын органдык аткаруу үчүн жеке өзү транскрипциялап, калың аудиторияга тартуулаган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Динара Салиеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан