Япония менен АКШнын окумуштуулары рак оорусуна каршы залалдуу шишиктерди жок кылуучу жана иммундук системаны чыңдоочу вакцина жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, вакцина бардык курактагы бейтаптарга арналган, рактын бардык түрлөрү менен күрөшөт. Дарыны жаратуучулардын айтымында, адамдар азыркы химиотерапиядан тышкары онкология менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасына ээ болушат.
Окумуштуулар учурда вакцинаны адамдарга колдонуп сынай башташкан жана процесстин ийгиликтүү аякташын күтүп жатышат. Оң жыйынтык чыккан учурда вакцина рак менен күрөшүү үчүн сатыла баштайт.