Коңшу Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын тунгуч президенти жана Орусиянын президенти эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттукташкан.
Кремль жолугушуу болорун буга чейин жарыялаган эмес. Путиндин басма сөз кызматы жазгандай, эки саясатчынын акыркы жолугушуусу 2021-жылдын декабрында болгон.