Эми чычкандар жер титирөөдөн улам урандылар астында калган адамдарды табууга жардам берет.
Мындай чычкандарды APOPA уюму (Anti-Persoonsmijnen Ontmijnende Product Ontwikkeling — чычкан, хомяктарды мина жана башка жарылуучу заттарды табууга үйрөтүүчү уюм) Танзания өлкөсүндө сыноодон өткөрдү. Анда чычкандарга микрофон, видео байланыш орнотулган кичинекей рюкзак тагып, кырсык болгон жерге коё беришет. Алардын жардамы менен куткаруучулар урандылар астында калган адамдар менен байланыша алышат.
Адистердин айтымында, чычкандар кичинекей болгондуктан, ар кандай урандылар астына кирүүгө жана жабыркаган адамдарды табууга жакшы жардамчы боло алышат. Чычкандарды үйрөтүүгө 2 апта керектелгени айтылат маалыматта.