Президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Эргешов кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Алтынбек Эргешов 2021-жылдын октябрь айында жогорудагы кызматка дайындалган. Ал Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси чининин ээси.