Өлкөдө доллардын баасы бүгүн, 14-июнга карата 78 сом 50 тыйынга чейин арзандады.
Саат 08:45ке карата өлкөдөгү коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 78 сом 50 тыйындан 82 сом 87 тыйынга чейин болсо, сатуу 79 сом 50 тыйындан 83 сом 87 тыйынга чейин болууда. Улуттук банктын расмий сайтында доллар 79 сом 50 тыйын деп көрсөтүлөт.
Ал эми рублду сатып алуу 1 сом 24 тыйындан 1 сом 27 тыйынга чейин, сатуу 1 сом 16 тыйындан 1 сом 45 тыйынга чейин болууда.