Өлкөдө биринчи жолу кыргыз тайганы тууралуу көргөзмө өтөт

Кыргызстанда алгачкы жолу "Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган" көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлигинин маалыматында жазылат.

Жазылган маалыматка ылайык, көргөзмө Улуттук тарых музейинде 15-июнь саат 14:00дө башталып, 30-июнга чейин созулат.

Иш-чара манасчылардын, чыгармачыл топтордун катышуусу менен жана архивдик, заманбап фото-видеоматериалдарды көрсөтүү менен коштолот.

Көргөзмөгө президенттин администрациясы, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын өкүлү Сабира Солтонгельдиева, ардагер тайганчылар катышат.
"2018-жылдан бери “Кыргыз тайганы” долбоорун ишке ашыруу учурунда көптөгөн тарыхый, археологиялык материалдар жана табылгалар аныкталган. Бул көргөзмө аркылуу коомчулуктун кеңири катмарына тайган тууралуу анык маалыматтар жеткирүү пландалууда.
Учурда көргөзмөгө тайган жөнүндө маалыматтарды чагылдырган түрдүү экспонаттарды кабыл алуу жүрүп жатат. Экспонат катары жыгачтан, колодон, чоподон жасалган, таштын, кездеменин, кагаздын же башка материалдар бетине тайгандын элеси түшүрүлгөн буюм-тайымдар каралат. Ошондой эле түрлүү булактардан алынган илимий, адабий, маалыматтык материалдар дагы коюлат. Эң жакшы экспонаттардын ээлерине сыйлыктар каралган", - деп белгиленет маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан