Орусиядагы элчилик мигранттар үчүн маалыматтык чат-ботун ишке киргизди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга консулдук маселелер боюнча байланышты жакшыртуу максатында маалыматтык чат ботун ишке киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, жарандар чат-бот аркылуу консулдук кызматтарды алуу тартиби боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтарды алышат.

Анда төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү болот:

  • Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын паспортун берүүнүн тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруунун тартиби;
  • Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк алуунун тартиби;
  • Консулдук маселелер боюнча алдын ала жазылуу тартиби жана башка суроолор боюнча.

Ошол эле учурда элчилик консулдук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтарды берүү үчүн расмий Telegram-каналы ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан