Бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда футболго байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, саат 16:00дөн тартып 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабык болот:
- Тоголок Молдо көчөсү түндүктү көздөй Чүй көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй Исанов көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды алдын ала маршруттук кыймылын пландап алууну эскертет.
Белгилесек, бүгүн Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы менен Тажикстан кез келет.