Ноокатта 4 жашар бала терезеден кулап түштү. Милиция текшерүү иштерин баштады

Ош облусунун Ноокат районундагы бала бакчанын терезесинен түшүп кеткен бала боюнча милиция текшерүү иштерин баштады. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 13-июнь күнү саат 12:30 чамасында "Саламат" балдар бакчасында орун алды. Анда бакчанын терезесинен бала түшүп кеткен.

"Аталган маалымат электрондук журналга катталып, текшерүү иштери башталган. Алдын ала текшерүү учурунда 13-июнь күнү саат 11:10 чамасында 25 жаштагы Б.Т. 4 жашар баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып келип, директорго тапшырып кеткендиги такталды. Бала болжол менен саат 11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калгандыгы, аны 67 жаштагы тургун кармап калганы аныкталды.

Баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып, балдар бакчасынын кызматкерлерине арыз-доосу жок экендигин билдиришти", - дешти маалымат кызматынан.

Алдын ала алынган маалымат боюнча "Саламат" балдар бакчасы 2020-жылдан тартып иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан