Төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн “Азыркы замандагы ядролук коопсуздук. Ядролук куралсыздануу жана аны жайылтпоо процессиндеги парламентчилердин ролу” аттуу эл аралык конференцияга катышты.
“Эл аралык коопсуздук чөйрөсүндө куралданууга көзөмөл, жайылтпоо жана куралсыздануу ар дайым Кыргызстандын тышкы саясатынын бир багыты болуп келген. Биз БУУну абройлуу универсалдык эл аралык түзүм катары карайбыз”,- деди төрага.
Жээнбеков 2006-жылы Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин аймактын түзүлүшүн ааламдык ядролук куралсыздануу жүрүмүнө кошулган зор салым катары сыпаттады. “БУУнун колдоосу менен өнүгүп бара жаткан мындай аймакты түзүүнүн демилгечилеринин бири катары, Кыргызстан ошондой эле Келишимдин депозитарийи да болуп саналат. Ушундан улам “ядролук курал державаларын” Борбордук Азия демилгесин колдоого жана негативдик кепилдиктер жөнүндө Протоколго кол коюуга чакырат”,- деп белгиледи ал. Кыргызстан аймагындагы уран калдыктары сакталган жайлар бар экенин эске салуу менен, А.Жээнбеков өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды бул маселени чечүүдө эксперттик-техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырды.
“Ядролук куралды жайылтууга каршы аракеттенүү жана ядролук куралсызданууга көмөк көрсөтүү, дүйнөнү тыптыйпыл кыла турган куралдан арылтуу – биздин жалпы максатыбыз. Бүгүнкү иш-чара да ошол жүрүмгө кошкон салымыбыз болуп саналат”,- деп кошумчалады төрага.