Нарындагы Сары-Булак-Арчалы унаа жолун сел каптап, жол бир тараптуу жабылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыян суулары түшүп, унаа каттамга ыңгайсыздыктарды жаратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июнда катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Кочкор районунун Сары-Булак-Арчалы унаа жолунун 16-чакырымында кыян суулары түшүп, унаа каттамга ыңгайсыздыктарды жаратты.

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, райондук жол тейлөө мекемесинин 1 жүктөгүч, 1 даана түрттүргүч инженердик автоунаа ишке тартылып, кыян сууларынын каптоосунун кесепеттери жоюлду.

Жол каттамы бир тараптуу ачык. Эки тараптуу жол каттамын камсыздоо багытында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан