"УКМКнын тиешеси жок". Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча үн катты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатып, кийин ооруканадан каза болгон Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу билдирүү жасады.

"Новые лица" гезитине берген маегинде Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмүнө УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

"Анын өлүмүнө эч кандай тиешебиз жок. Анткени анын дарылануусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенбиз. Эч качан баш тарткан эмес. Учурда Казакпаевдин өлүмү боюнча Башкы прокуратура тарабынан иликтөө иштери башталып, ал боюнча көзөмөл органына бардык керектүү материалдар берилди.

Ошол эле учурда УКМК коомдук комиссия Акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу борбору, же коомдук ишмерлер, журналисттер тарабынан түзүлсө, кабыл алууга даяр. Биз текшерүү жүргүзүп жаткан прокуратура менен биргеликте бул факты боюнча толук маалымат берүүгө даярбыз. Биз Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча эч качан жабык эмеспиз. Бул өлүмдү Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева сыяктуу өздөрүнүн жалданма, саясий максаттарына пайдалангысы келген саясатчылар терең жаңылып жатышат.

Мен аларга кеңеш берет элем – минтип адамдын өлүмү менен ойной албайсың. Бул трагедиялуу учур. Мен өлкөбүздүн атайын кызматынын жетекчиси катары, Казакпаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, тилекке каршы, мындай окуя болду, ага ушундай тагдыр жазылган. Ал эми юридикалык жактан анын күнөөсүн аягына чейин далилдегенге даярбыз, анткени акыркы 3 жылдан бери тергөө иштери жүрүп жатат", - деген Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан