Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар мнистрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Нарын облусунун айрым райондоруна караштуу айылдарды жана Нарын шаарындагы турак үйлөрдү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел, кыян суулары каптаган. Мындан улам бүгүн, 14-июнда Нарын шаардык жарандык коопсуздук комиссиясы келтирилген чыгымдарды аныктоо жана кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.
Нарын шаарынын сел каптаган аймактарында тазалоо иштерин жүргүзүүгө шаардык мекеме ишканалардан техникалар тартылды: 2 жүктөгүч, 1 хово, 2 самосвал КамАЗ техникалары тартылды.
Мындан сырткары Нарын шаары жана Нарын району боюнча 37 куткаруучу тартылды.