Баткендеги ок атышуудан жаракат алгандар жок

Баткен облусунун ок атышуу орун алган аймагында саат 13:00гө карата кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин мааалыматы боюнча, ок атышууда жаракат алгандар жок.

"Баткен районунун Булак-Башы аймагында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш облустарынын күч структураларынын жетекчилери да катышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Булак-Башы жана Тажикстандын Кех чек ара постторунун ортосунда ок атышуунун келип чыккан себебин талкуулашууда. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи эле жыйынтыгы болуп тараптардын ок атууга ээлеген позицияларынан алуу болду", - дешет мекемеден.

Бүгүн, 14-июнда саат 06:50-07:00 чамасында Тажикстандын "Кех" чек ара постунан Булак-Башы аймагына ок атылган. Тараптардын сүйлөшүүсүнө карабай саат 07:50дө тажик тарап гранатомёт жана миномётторду колдонуу менен кайрадан аткылоону баштаган. Саат 08:10до атышуу токтогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан