Ак Үйдүн алдында бир нече адам казино ачуу демилгесине каршы пикирин билдирип чыгышты. Алардын айтымында, казино ачуу демилгеси артка кайтарылбаса, нааразычылык акциялары уланат.
"Эгер казино ачуу маселеси артка кайтарылбаса, биз чыккандан тажабайбыз. Биз казино ачууга каршыбыз. Казынага түшкөн каражаттан зыяны алда канча көбүрөөк. Аталган маселе бүгүн парламенттин бюджеттик комитетинин жыйынында каралат экен", - деп билдирди акцияга чыккандардын бири.
Нааразычылык акциясына чыккандар "Кыргызстан, кыргыз эли казиного каршы" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Белгилесек, Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө кумар оюндарын мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.