Милиция алыс жолго чыккан айдоочуларга эс алууга дагы көңүл буруу керектигин эскертет

Милиция жай мезгилинде узун жол жүргөндө шашпоого, чарчасаңыз автоунааны жолдун четине токтотуп, эс алып алууга чакырат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жай мезгили келип Ысык-Көл облусунун аймагы аркылуу өткөн "Балыкчы-Ананьево-Каракол" жана "Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол" автоунаа жолунда, түнкүсүн да тынымсыз транспорт каражаттары жүрүп турат.

Ошол эле учурда көптөгөн айдоочулар автоунаалары менен жүздөгөн жана миңдеген километр аралыкта, анын ичинде түн ичинде жол жүрүшөт.

Мындай учурларда айдоочулар чарчагандыктан автоунааны башкарып бара жатып уктап калышы мүмкүн. Бул өзү жол кырсыгына кабылуу коркунучун бир топ жогорулатат.

Милиция айдоочулардын автоунааны башкарып уктап кеткен көйгөйлөрүнө эс алуучулардын көңүлүн бурат. Алсак, жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда ушундай өңдүү 5 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 11 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен беши жашы жете элек балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан