Ооганстандын экинчи вице-президенти памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселеси карала турганын айтты

29-ноябрь күнү Ташкентте премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ооганстандын экинчи вице-президенти Мохаммад Карим Халил менен жолугушту. Жолугушууда Сатыбалдиев Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

“Дипломатиялык ишмердүүлүк биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууда башкы звено. Кыргызстан жогорку суу-энергетикалык мүмкүнчүлүккө ээ. Ошол себептен биз CASA-1000 долбоору боюнча кызматташууга даярбыз,- деди премьер-министр.

Сатыбалдиев Ооганстандын Бадахшан аймагында отурукташкан кыргыздардын көйгөйлүү маселелерин да айтты.

“Жакында кыргыз өкмөтү жана Жогорку Кеңеш ал жактагы мекендештерге гуманитардык жардам жеткиришти. Алардын көбүнүн паспорттору жок. Балдарын окутууга, медициналык кызмат алуучу мекемелер жок. Сизден өтүнөрүбүз аларга паспорт алып, медициналык борбор жана мектеп ачып берсеңиздер. Ал эми кыргыз өкмөтү зарыл болгон адистерди жиберүүгө даярбыз”,- деди премьер-министр Ооганстандын экинчи вице-президентине кайрылып.

Өз кезегинде Мохаммад Карим Халил Ооганстан да CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга кызыктар экенин айтып, “биз эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө даярбыз”,- деди.

Бадахшанда отурукташкан кыргыздар боюнча “биз, кыргыздар, жыш отурукташкан жерлерде унаа жолдорун салууну пландап жатабыз. Бул багытта жылыштар бар. Кабулга баргандан кийин аларга паспорт берүү маселесин да карап чыгабыз”,- деди Ооганстандын экинчи вице-президенти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан