Кечээ, 13-июнь күнү Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча кеңсесинин аймактык директору Афшан Хан менен жолукту.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун балдар фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
"Аида Касымалиева ЮНИСЕФтин 2023–2027-жылдарга өлкө программасын Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери менен биргеликте иштеп чыгуудагы аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын туруктуу өкүлү ошондой эле сентябрь айында өтүүчү ЮНИСЕФтин экинчи сессиясына кыргыз тарап активдүү катышаарын, анда өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да программалык документтери карала турганын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.