Бүгүн, 14-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курама командасы Тажикстан менен кез келет.
Кыргыз футболдук союзу эгерде дал ошол оюн учурунда күйөрмандар жагымсыз атмосфераны жаратса Кыргызстан жоопко тартылышы мүмкүн экендигин эскертет. Ошондуктан оюн көрүп жаткан учурда эрежени туура сактоого чакырат.
"Урматтуу футбол сүйүүчүлөрү! Күйөрмандар! Өз үйүбүздө болуп жаткан оюнда улуттук курама команданы маданияттуу колдоп, команданын аракетин жүрүм-турумубуз менен текке кетирип албайлы! Курама командалардын күйөрмандары бул эрежелерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, түшүнүү менен кабыл аларына чын дилден ишенебиз. Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңордон көз каранды", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, бүгүн, 14-июнда саат 21:00дө Кыргызстан-Тажикстан курама командалары беттешет.