Бүгүн, 14-июнда президент Садыр Жапаров Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго Азия Кубогуна тандоо оюндарын көрүү үчүн барат. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге байланышканыбызда билдирди.
Маалыматка таянсак, бүгүн Кыргыз улуттук курама командасы менен Тажикстан кез келет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы экинчи жолу катары менен Азия Кубогунун финалдык баскычына чыкты.