Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курама командасы Тажикстан менен кез келчү оюнга 16 миң 470 билет сатылды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир сектор чакырылган коноктор жана оюнчулардын үй-бүлөлөрү үчүн каралган. Милиция чыгыш трибунанын биринчи катарларын ээлейт, ал жерде балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн орундар бар.
Оюн бүгүн саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Стадиондун сыйымдуулугу 18 миң 500 адамды түзөт.