Бишкек шаарында дүйнөлүк стандартка жооп бере турган стадион курулат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Азия Кубогунда алып баруучу жарыялады.
Айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан тиешелүү буйрук берилген. Курула турган стадионго 22 миң 500 көрүүчү батат.
Буга чейин футбол күйөрмандары Садыр Жапаровдон жаңы стадион куруп берүүнү суранышкан.