Бүгүн, 14-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан Азия Кубогуна тандоонун акыркы турдук оюндары өттү.
Анда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Тажикстан менен кез келип, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Муну менен "Ак шумкарлар" F тайпасында жалпы 7 упай топтоп, тайпада Тажикстандан кийин экинчи орунга жайгашты.