Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз курортундагы Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдо салынган көпүрө сынып, Жол тейлөө ишканасынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдун 3-көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан учурда карагайдан салынган көпүрө сынып кетип, натыйжада Жол тейлөө ишканасынын кызматкери экскаватор унаасы менен Жети-Өгүз суусуна кулап кеткен.
Жерине куткаруучулар, техникалар тартылган. Жүктөгүчтүн жардамы менен экскаватордун кабинасынан айдоочунун сөөгү чыгарылган. Ал №35 Жол тейлөө мекемесинин 1977-жылы туулган кызматкери болгон.
Эскерте кетсек, 13-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз айылында суунун деңгээли көтөрүлүп, 3 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан №4 көпүрөнү агызып кетүү коркунучу жаралган. Бекемдөө иштерин жүргүзүүгө №35 ЖТИден 1 экскаватор, 1 Хово, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч тартылган.