Базар-Коргон РИИБи улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында спорттук иш-чара өткөрдү

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2010-жылкы июнь коогалаңында каза болгон милициянын кызматкери Сулайманов Мыктыбектин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, касташууларга жол бербөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштурулган.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды. Аталган спорттук иш-чара жыл сайын салт катары белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан