Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз саткан жарандар аныкталып, айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жаткан 9 жаранга тийиштүү протокол толтурулду.
"Сатуучу жаран жеке жак болгондуктан ар бирине 3000 сомдон айып салынып, жол жээгинен алынды. Айып пулдун жалпы суммасы 27 000 сом.
Мындай баш аламан күйүүчү май саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталган", - дешти кайгуул кызматынан.
Мындан сырткары Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин эскертишти.