Бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын качан алары белгилүү болду

Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттары болжолдуу 27-июндан 4-июлга чейин тапшырылат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Мурун окуу жылы 1-сентябрда башталган учурда окуучулар 23-24-июнда ЖРТнын сертификаттарын колуна алышчу. Азыркы учурда окуу жылынын убактысы узарып кетти. Буга байланыштуу ЖРТ өткөрүү убактысы дагы бир аптага жылдырылды. Ошондуктан быйыл 27-июндан 4-июлга чейин ЖРТнын сертификаттарын берүүнү пландап турабыз", - деп билдирди Батракеева.

Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы 24-25-май күндөрү болуп өткөн. Ал эми экинчи этабы 27-28-май күндөрү болду. Тестирлөөнүн 3-туру тест 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан