Кадамжайда өспүрүмдөргө сууга түшүү эрежелери түшүндүрүлдү

Кадамжай районунда милиция кызматкерлери сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайкы каникул мезгилинде кароосуз калган көлмөлөрдө, агыны шар аккан каналдарда, арыктарда өз алдынча сууга түшүп жүргөн өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Кооптуу суулардын айланасына атайын эскертүүлөр илинип, кооптуу суулардын боюнда жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү актылары берилүүдө.

Акыркы 5 ай ичинде Кадамжай районунун аймагында өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысынан экөө катталып, 2 өспүрүм каза болгон", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан