Баткендин жолдорун оңдоого 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү

Баткен облусунун жолдорун оңдоо үчүн 600 миллион сомдон ашык каражат каралды. Бул туурасында президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тарабынан белгилүү болду.

"Быйыл облустун негизги жана ички жолдорун оңдоо иштерине 603 миллион сом бөлүндү. Андан тышкары облуста социалдык объектилер да курулуп, капиталдык оңдоо иштери аткарылат", - деди президенттин өкүлү.

Белгилей кетсек, президенттин администрациясы тарабынан медиа өкүлдөрүнө Баткен облусундагы абал, аймакты өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан иштер тааныштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан