Акылбек Жапаров Военно-Антоновка айылынын тургундары менен жолукту (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров чогулган жарандарды келечекте талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн жер тилкесине укук белгилөөчү документтерди тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдө мыйзамдуу түрдө тариздеп, менчик укугун орнотуп, тилкелердин чек арасын тактап, андан кийин гана турак жайларды курууга киришүүгө чакырды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, келечекте калкка турак жайларды курууга жеңилдетилген насыяларды бөлүү пландалууда.

Жолугушууга катышкан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Военно-Антоновка айылынын тургундарын кызыктырган бардык маселелер боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан