Бишкек шаарында эртең, 16-июндан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылуулук түйүндөрүндө профилактикалык оңдоо иштери, тыгыздыгы жана бекемдиги боюнча гидравликалык сыноолор жүргүзүлдү. 15-июндан тарта негизги жана бөлүштүрүүчү тармактарды толтуруу иштери башталат.
Борбор калаанын мэриясы жарандарды крандарды текшерүүнү жана жабууну, ошондой эле суу ташкындарына жол бербөөнү, суу жылытуучу резервуарларды системадан ажыратууну суранат.