Бритни Спирс турмушка чыгар алдында катаал келишимге кол койгон

Америкалык ырчы, актриса Бритни Спирс менен анын күйөөсү, фитнес-тренер Сэм Асгари үйлөнүү үлпөтүнүн алдында нике тууралуу келишим түзүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, поп-жылдыздын жактоочулары анын 60 миллион доллар байлыгын камсыздандырууну көздөшүп, өтө катаал келишимди талап кылышкан. Келишимге ылайык, түгөйлөр ажырашкан учурда Сэм Бритнинин үйлөнүү тоюна чейин тапкан кирешесинен бир цент да албайт.

Бритни менен Сэм 11-июнда баш кошушкан. Калифорниядагы ырчынын вилласынын короосуна тигилген ак чатырда 40 жаштагы Бритни 28 жаштагы жигитине "ооба" деп жооп берген. Үйлөнүү үлпөтүнө эң жакын достору гана катышты.

Коноктордун тизмесине ырчылар Мадонна жана Селена Гомес, Пэрис Хилтон жана актриса Дрю Бэрримор келген. Спирс дизайнер Донателла Версаче тиккен ажарлуу ак көйнөктү кийген. Айтмакчы, тойдо Донателла өзү да болгон.

Үйлөнгөндөн бир нече күндөн кийин Сэм менен Бритни Спирс тойдун алдында 11 миллион долларга сатып алган жаңы үйгө көчүп киришти. Аянты миң чарчы метрден ашкан хан сарай Лос-Анжелес округундагы Калабасас шаарында жайгашкан. Бритни Спирстин жаңы мүлкү балдарынын атасы, мурунку күйөөсү Кевин Федерлайндын үйүнүн жанында жайгашкан, анын уулдары Шон жана Жейден атасы менен чогуу жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан