Баткен облусунда 307 турак үй суу ташкындарынан коргоого алынат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткенде сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы тарабынан суу ташкындарынан коргоо жумуштары улантылууда. Атап айтканда, аталган кызмат тарабынан Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында Кожоашкан дарыясынын оң тарабын бекемдөө иштери жүргүзүлүп, 350 метр аралыкта коргоо тосмосунун курулушу кызуу жүрүүдө.
Ушул жылдын май айында башталган курулуш иштери август айында бүткөрүлүп, натыйжада 307 турак үй жана 27 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты коргоого алынат.